• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аида Салянова: . Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун

16 Баш оона 2019 8:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.

Аида Салянова абактан чыгып кыргызтандыктарга кайрылды.

«Урматтуу мекендештер, туугандар!
‌Сиздердин ак батаныздар менен бугун кызымды кучактап отурам! Колдоо көрсөткөндөрүңүздөр үчүн башымды ийип, таазим кылам. Ар бириниздерге жолугуп ыраазычылыгымды жеке билдиргенге Кудайымдан насип кылуусун тилейм.
‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык женет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды.
‌Операцияга даярдануудан улам сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм. Дагы бир жолу терен ыраазычылык билдирем. Аман болунуздар!», — деп айтылат кайрылууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-августта мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген.

Количество просмотров: 40