• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Айдаркендин мэри кызматынан бошотулду

7 Кулжа 201913:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри Мухубилла Мумбаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мухубилла Мумбаевдин кызматтан кетүү себеби айтылган жок. Ал аталган кызматка 2017-жылы июлда шайланган болчу

Теги:
Количество просмотров: 36