• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Айдарова: Электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөйт

20 Жетинин айы 202012:32 Бишкек Govori.TV

Электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын жаз мезгилинде өкмөт электр энергиянын жаңы тарифин бекитип берген. Ал 2022-жылга чейин өзгөрбөйт.

«Электр жарыгы 700 киловатт-саатка чейин колдонулса 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйын төлөнөт. Тоолуу аймактарда ал чек 1000 киловатт-саатка чейин. Ал лимиттен ашса 2,16 сом төлөнөт. Калган абоненттер 2,24 сомдон төлөшөт. Ошондой эле балдар үйү үчүн жаңы тариф киргизилген. Алар 1 киловатт-саат үчүн 1,58 сомдон берет. Ал эми майнинг-фермалар 2,91 сомдон төлөшөт», — дейт ал.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 2669