Бишкек. 09.03.2019.Govori.TV.
Бишкектеги такси кызматтарынын биринин шашкасы тагылган унаа айдоочусу жок жүрүп бараткан видеосу социалдык баракчаларда чуу жараткан эле. Көрсө ал муляж экен. Айдоочу унаанын ичинде болгонун такси кызматынын жетекчилери билдирди.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы такси кызматы мындай унаага уруксат албаганын жана бул болгону тамаша тор болушу ыктымалдыгын билдирди.
Ал эми такси кызматынын өкүлдөрү шаарды чын эле айдоочусу жок унаа кыдырып жүргөнүн тастыктап, унаа тесттик режимден өтүп жатканын айтып ишендирүүдө. Ошондой эле унаа боюнча толук маалыматты бир нече күндөн кийин беришерин айтышкан.