• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Айгүл Текебаева менен Раиса Атамбаева эмне үчүн жолуккан?

2 Аяк оона 201915:08 Бишкек Govori.TV

Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева менен мурунку биринчи айым Раиса Атамбаева «Ата Мекендин» лидери Текебаевди камактан чыгаруу тууралуу сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев Акман айылынын жашоочулары менен жолуккан учурда айтты.

Анын айтымында, Раиса Атамбаева президенттин Текебаев күнөөнү моюнуна алуусу керек деген талабын жеткирген.

«Айгүл мени ар бир жолуккан сайын, президенттин жубайына жолулуктуруумду сурана берчү. Ал аны жакшы билээрин, ал менен чоогу тойлордо олтурганын айта берчү. Бир күнү макул болдум. А Атамбаевдин аялы, мен күнөөнү моюнума алсам айып менен гана кутулаарымды айтыптыр. Мындай сунуш мага жактоочудан да түшкөн. Бирок, мен кылбаган нерсени кылдым деп, кылмышты моюнума ала албайм да», — деди Текебаев.

Эске салсак, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Ал эми 29-августта Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 

Количество просмотров: 2743