• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Айлыкты өз убагында бере албаган өкмөт отставкага кетиши керек

14 Бирдин айы 2019 17:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV

2019-жыл башталары менен эле казынанын каатчылыгындагы маселе байкала баштады. Жакында эле КТРКнын кызматкерлерине айлык берилбей жатат деген маалымат тараган. Коомдук каналдын айрым кызматкерлери бул маалыматты тастыктаган. Ал эми КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков бул маалыматты төгүндөгөнгө аракет жасады.

КТРК эле эмес, мугалимдер, врачтар жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары маянаcын, пенсия жана жөлөк пулдарды өз убагында албай жаткандыгын себебин финансы министрлиги мындайча түшүндүрдү.

Казынада кандай гана маселе болбосун айлык акы өз убагында берилиши керек. Бул маселе эч качан айлыкка кедергисин тийгизбеши зарыл.

Ал эми айрым эл өкүлдөрү мындай жагдай болсо өкмөттүн отставкага кетүүсү керектигин айтат.

Теги:
Количество просмотров: 21