Бишкек. 10.03.2019. Govori.TV
Сауд Арабияга көчмөндөр оюндарын көрсөтүү үчүн барган цирк артисти Асланайым Ашировага эң мыкты деңгээлде медициналык кам көрүлүүдө. Бул тууралуу маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.
Анын айтымында Асланайым Аширова оюн көргөзүү үчүн репетиция кылып жаткан учурда аттан кулап бутунан жарат алган. Тезинен жардам көрүлүп учурда бардык чаралар көрүлүүдө.