• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Айнура Темирбекова: Жаракат алган кыз менен жеке өзүм алек болгон жокмун

11 Жалган куран 201911:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.

Сауд Арабияга көчмөндөр оюндарын көрсөтүү үчүн барган цирк артисти Асланайым Аширова оор жаракат алган. Бул тууралуу маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүндө Асланайым Аширова өзүн-өзү билип барып атка олтуруп алгандыктан жаракат алганын жазган.

Жаракат алган Асланайым Аширова өзүнүн фейсбук баракчасына мындай маалымат жалган экенин жана ал өзүн-өзү билемдик кылып атка минбегенин жазып чыкты.

Ал эми Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова өзүнүн жайгаштырган маалыматына жооп катары, жаракат алган кыз менен ал жеке өзү иш алып барбаганын жана кечээ фейсбук баракчасына окуя жөнүндө расмий пресс-релизди жайгаштырганын жазды.

«Ал кыз Кыргыз тарап менен Арабдардын башкы уюштуруучуларынын көзмөлүндө. Мен жеке ал кыз менен алек болгон жокмун. Ал эми болгон окуя тууралуу атайы жазылган расмий пресс-релизди жайгаштыргам «,-деп жазган Темирбекова.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2814054705287604&id=100000493058540

 

Теги:
Количество просмотров: 20