• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

21 Бирдин айы 2020 10:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Индиядагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдештин финалдык бөлүгү кечээ Нью-Дели (Индия) шаарында өттү.

Медет кызы 76 кг чейинки салмакта катышты. Ал эки жеңиш, эки жолу жеңилүү ызасын тартты.

Тайпалык таймаштарда кыргызстандык спортчу өзбекстандык балбанды утуп, бирок кийин япониялык спортчуга утулуп калды. Тайпалык кармаштарда экинчи орунду алгандыгы үчүн мелдештин жарым финалына чыкты.

Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы жеңип чыкты.

Ал эми финалда Медет кызы кайрадан япониялык балбанга туш келди. Кармашта 1:4 эсебинде утулуп экинчи орунга илинди.

Количество просмотров: 91