Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.
Кыргыз мамлекетинин Мусулмандар дин башкармалыгы 5-июнь күнү Орозо айт майрамы майрамдала турганын билдирген. Бирок, Айт майрамы 4-июнда белгиленет деген аудио жана видеолор социалдык баракчаларда талкуу жаратып, айттын так күнү кайсы деген суроо жаралууда.
Ал эми Чубак Жалилов Айт майрамынын датасын орозонун 29-күнү кечинде гана так айтууга болорун айтат. Анын бул пикирин видеосун социалдык тармактардан көрүүгө болот.
«Орозонун башталышы Рамазан айынан мурда келген Шаабан айынын 29-күнү гана белгилүү болот. Ошондой эле, орозонун бүтүшүн да рамазандын 29-күнү кечинде айтууга мүмкүн. Андан 3 күн мурда же 1 күн мурда айтылуусу шариятка каршы келет”,-дейт диний аалым Ч.Жалилов.
“Ал эми муфтияттын басма сөз кызматы Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленээрин дагы бир ирет тастыктады.
«Сауд Арабия, Түркия, Орусияда ай көрүндү деп айтып жатышат. Кыргызстан эгемендүү өлкө андыктан, Сауд Арабиясын ээрчүүгө милдеттүү эмеспиз. Ал тургай Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Индия, Пакистан, Малайзия Орозо айт майрамын 5-июнда белгилешет», — деди басма сөз катчы.