Мен Конституциянын жаңы редакциясына каршымын. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.
«Бизге адамдын диктатурасы эмес, Мыйзамдын диктатурасы керек. Эгерде коомдун бир бөлүгү бул келишимдеги өзгөртүүлөрдү жактырбаса, анда аларды күч менен таңуулоого болбойт. Эртеби-кечпи, бул жарылууга алып келет. Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук бузулат.», – деп жазган ал.
Токтогазиев редакциялык кеңештин авторлорун Баш мыйзамга кайрылып, референдумга шашылбоого жана жалпы коомчулукту ар бир пункт боюнча ачык талкуулоого чакырды.