• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кооз кетип жатам». Токтогазиев министрликтен кетип жатканын майрамдады (видео)

4 Бирдин айы 2021 14:44 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин караокеде ырдаган видеосу тарады.

Видео материалдан Токтогазиев орусиялык «Звери» группасынын «Районы-кварталы» аталышындагы ырын аткарып жатканын көрүүгө болот. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары «кооз кетип жатат» деген сыяктуу түрдүү билдирүүлөрдү жазышууда.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы Улукбек Марипов буга чейин министрликтин структурасы өзгөртүлүп, “Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги” деп аталарын айткан. Курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилмекчи.

3-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмү менен курамын жактырган. Өкмөттүн жаңы курамында Октябрь окуяларынан кийин дайындалган вице-премьер министрлер Элвира Сурабалдиева, Максат Мамытканов, Равшан Сабиров, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жок.

Количество просмотров: 17128