• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Таарынып же жаман көрбөйбүз». Токтогазиев кызматтан кетиши боюнча комментарий берди

3 Бирдин айы 2021 13:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда кызматтан алынган Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев маалымат жыйын өткөрүп, өзүнүн кызматтан четтетилиши боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Ар бир министр саясий позиция деп айтсак болот. Бул саясий чечим. Бирок мен келе турган жаңы министр Аскар Жаныбеков мырзаны жакшы тааныйм, мыкты адис. Ошол себептен келечек жөнүндө жакшы ойлорум бар. Биз жасаган реформаларды таштап койбойт деген үмүтүм чоң. Оор жүк өтүп баратат. Өзгөчө кырдаал болуп жатат. Өзүбүз тараптан иштелип чыгып, жыйынтыгы даяр болгон документтерди өткөрүп берүүгө даярбыз. Таарынып же жаман көрүп кызганбайбыз. Ар бир лидердин өзүнүн чечими болот. Азыркы президенттин чечимин сыйлашыбыз керек. Жаңы командага ийгилик каалайм»,-деди Токтогазиев.

Белгилей кетсек, өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов буга чейин министрликтин структурасы өзгөртүлүп, «Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги» деп аталарын айткан. Курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилмекчи.

2-февралда тармактык комитет өкмөттүн түзүмү менен курамын жактырган. Өкмөттүн жаңы курамында Октябрь окуяларынан кийин дайындалган вице-премьер министрлер Элвира Сурабалдиева, Максат Мамытканов, Равшан Сабиров, Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жок.

Количество просмотров: 1184