• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Экс-министр Тилек Токтогазиев «Ата Мекен» партиясына мүчө болду

23 Теке 202113:08 Бишкек Govori.TV

Мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев “Ата Мекен” партиясына мүчɵ болуп кирди. Ал ɵзүнүн арызын кечээ, 22-июлда жазган. Бул тууралуу партиянын фейсбуктагы баракчасында маалымдалат.

«Бүгүн партиянын штабында Тилек Токтогазиевге партиянын билети салтанаттуу түрдɵ тапшырылып, партиянын ветерандары ага каалоо-тилектерин айтышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Тилек Токтогазиев “Ата Мекен” партиясынын тизмесинин сап башында 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан.

Количество просмотров: 595