• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Айыл чарба министрилиги: Дыйкандардан продукциясын сатып алып баасы көтөрүлгөндө сатканга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок

14 Бирдин айы 201911:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.02.2019.Govori.TV.


Дыйкандар өндүргөн продукциясын сатуу маселесине кабылып келишет. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 2018-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

«Учурда логистикалык борборлор түзүлгөн. Ал жерден айыл чарба продукциясын сактоо мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок, ал жетишсиз. Эгерде жетиштүү ушундай борборлор болсо учурдагы картошка маселеси дагы чечилмек. Мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо, дыйкандардан сатып алып, баасы көтөрүлгөндө сатса болмок. Республика боюнча жалпы 11 логистикалык борбор бар. Мындай борборду ар бир айыл өкмөтүнө курса туура болот. Жалпысынан 300, 400 логикалык борбор болуусу зарыл»,-деди аталган мекеменин статс-катчысы Максатбек Ташболотов

Анын айтымында, айыл чарбаны өнүктүрүү максатында бир катар техникалык каражаттар берилген. Ал эми айрым кемчилектердин себеби өлкөдөгү аба-ырайы жана суунун жетишсиздигинен көз каранды экенин билдирди.

«2018-жылы айыл чарба министрлиги өлкөнү казынасына мурунку жылга салыштырмалуу пайда алып келген. Өткөн жылы 1.5 тонна картошка өндүрүлгөн. Быйыл коңшу өлкөлөргө экспорттоо аткарылбай калганына байланыштуу ушундай маселе жаралган. Министр Нурбек Мурашев тарабынан Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр болгонун айтты. Анда экспорттоо маселеси тууралуу маселе талкууланган»,-деп кошумчалады чиновник.

Теги:
Количество просмотров: 22