• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Айыппулдун өлчөмү төмөндөйт

9 Тогуздун айы 2019 15:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊеште «Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган.

Кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак айдоочу тарабынан токтотуу жана токтото туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн светофордун тыюу салуучу белгисинен өтүп кетүү же болбосо жол тескегичтин тыюу салган көрсөтүүсүнө баш ийбөө сыяктуу жоопкерчилик каралган, — дейт депутат.

Мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи.

Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл, — деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов бул маселени иликтеп көрүп, бир чечимге келүүгө убада берди. Ал трассаларда жүрүү ылдамдыгын 90 км/саатан 110 км/саатка чейин көтөрүү чечими кабыл алынып, азыр тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, аталган мыйзам долбоору колдоо таап, биринчи окууда добуш берүүгө багытталган.

Количество просмотров: 152