• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айжамал Кабылова Кенже Дүйшееванын түз эфирге чакыруусунан баш тартты

26 Бирдин айы 2019 12:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV

Ырчы Кенже Дүйшеева Айжамал Кабылова менен соцтармакта кайым айтышууга чекит койгонун жазды. Ал күйөрмандарын, кыргыз элин жагымсыз талкууга күбө кылганы үчүн кейип турганын жазып чыкты.

Анын билдирүүсүнө таянсак, Кабылова түз эфирге келүүдөн баш тарткан.

“Ар бир сөзгө тийиштүү, чындыкка негизделген жообун берип отура берсем, кайым айтышмайга айланып, Кудайга жакпас иш болор. Андай адат мага түк жарашпайт. Калкым, күйөрмандарым, ушундай жагымсыз талкууга сиздерди күбө кылгандыгым үчүн кейийм.… Алла Таала бизге канча өмүр суусун берди, эч кимибиз билбейбиз. Андыктан, мен Кудай берген өмүрдү, жаман сөздөргө эмес, анын ар бир күнүн, ар бир саатын өзүм чексиз сүйгөн үй-бүлөмө, жакындарыма, чыгармачылыкка, элге сунчу жакшы иштерге арнайын деген ниетим бар. Бар бололу! Сөздү баккан инсандар түшүнүп алышаар. Чекит койдум!” – деп жазды ырчы айым.

Количество просмотров: 48