• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ак үйгө түкүргөн Рамистин дагы башка жоруктары видеодо

8 Үчтүн айы 2019 18:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

Ак үйгө түкүрүп, соцтармакка видео тараткан Рамис Закирияев кармалып, Бишкектин Биричи Май райондук милиция бөлүмүнө алынып келинди.

Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы КРнын жаңыдан ишке кирген Бузуу тууралуу кодекси боюнча чечим чыгарат.

Рамис Ак үйгө түкүргөнү үчүн кечээ Тоңдо кармалып, түшүнүк кат жазып, кое берилген эле.

27 жаштагы Рамис Закирияев өлкөдөгү ар кайсы тармактагы системалык көйгөйлөрдү айтып, бир нече видеолорду жарыялаган.

Мисалы, ал алган диполму эч нерсеге жарабай турганын айтып, өрттөп салган.

“Дипломду сатып алганым аз келгенсип, эми силердин жумушуңарды да сатып алышым керек экен. Силердин дипломуңар жөн гана бизнес. Ушундай системаны түзүп алып, адамдарга сатып жатасыңар. Анын айынан мамлекет оңолбойт”,- деген ал.

https://youtu.be/GFq2meZYg24

Анын мындан башка видеолорун ютубдан Замир Зикиряев деген каналдан көрүүгө болот. Ал жака түкүргөндөгү, аскердик билетти кантип алганы боюнча видеолорду жайгаштырган.

https://youtu.be/qhQgxhZCQRo


Булак: Калыс Медиа 

Количество просмотров: 21