• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«АКА инвест» менен экс-жаштар министринин кандай байланышы бар?

5 Чын куран 2018 15:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.04.2018.Govori.TV
«Хуавей» компаниясы менен биргеликте «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырмакчы болгон «АКА инвест» мурдагы «АКА Минералз» компаниясы менен экс-жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун байланышы бардыгы социалдык тармактарда жазылууда. Маалыматта «АКА Инвесттин» кожоюндарынын бири Касым Курбанов Алиясбек Алымкуловдун кайниси экени айтылат.
Экс-жаштар министри компанияга эч тийешеси жоктугун, кайниси ал компанияда жалданып иштеген кызматкер экенин айтты. Алымкуловдун айтуусунда кайниси эмне иш кылары тууралуу иши да жок. Мурдагы жаштар министри Алиясбек Алымкулов Govori.TVга «Касым Курбанов жубайы Аминат Курбанованын иниси экенин тастыктады. Бирок, «АКА инвест» менен байланышы бардыгын биринчи жолу угуп жатканын айтты.
«Касым Курбанов менин кайним, атасы эрте каза болуп жетим өскөн жигит. Ооба, оокатына тың, жакшы жашайт. Бирок, тиги компания деген гигант компания болуп жатпайбы, ага ээлик кылгыдай кайнимдин андай акчасы жок. Кайын журтум эмне иш кылат, мен кийлигишпейм да? Азыр чалып тактасам кайним ал компанияга жалданып иштеген кызматкер экен. Айлыгын алып, кызматын кылып жаткандыр? Анын эмнеси бар?»,-деди Алымкулов.
Ошондой эле Алиясбек Алымкулов «АКА инвест» менен байланыштыруу аракети аны каралоону каалаган адамдардын жаман ою болушу мүмкүндүгүн айтты.
«Билесиңер да, мен өз күчүм менен бутума туруп, Россиядагы ири коррпорацияда жетекчилик орунга чейин жеткем. Эгер менин кайним «гигант» компанияга ээлик кылса анда мен азыр башкача болсом керек туурабы? Апрель окуясынан кийин башыма ок тийип, аз жерден каза болуп кала жаздаганда да мени ар түрдүү сөздөр менен каралагандар чыккан. Мен документ, сүрөт, видео менен барын далилдеп бергем. Кийин жаштар министрлиги өткөзгөн нике той боюнча каралоого аракет кылышкан, анда мамлекеттин бюджетинен бир да сом корогон эмес. Демөөрчүлөрдү таап социалдык жактан аз камсыз болгон уй-бүлөлөрдүн балдарына кам көрүү, жардам берүү максатында, ошондой эле трайбализмге каршы, күчтүү эл, күчтүү мамлекет, биримдиктүү эл, бүтүн мамлекет, ынтымактуу үй-бүлөө, ынтымактуу мамлекет деген ураандын негизинде, жаштарга жакшы шарт түзүп үйлөнткөнбүз. Азыр ал балдар бактылуу өмүр кечиришип, балалуу-чакалуу болуп, очор-бачар болуп түтүн булатып келишүүдө. Эми бул Алиясбекке да бир иш таап коелу деп жатышкан окшобойбу? Бул маалыматтарды буйрутма менен чыгарышууда. Менин ал компанияга эч тийешем жок»,-деди Алиясбек Алымкулов.
Эске салсак, коомдук ишмер Эдил Байсалов «АКА инвест» компаниясы менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Форум» ишканасынын жаңы кожоюнунун бири Субихи Пархати менен байланышы бар болушу мүмкүн экенин «Атамбаевдин он бир досу» деген иликтөөсүндө чыгарган.
Количество просмотров: 28