• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Академиянын алдындагы «Атом модели» талкаланды

30 Жалган куран 201815:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV
Honda Stream маркасындагы унаа бүгүн таңкы алтыда Улуттук Илимдер академиясынын алдындагы «Атомдун планетардык моделин» талкалай сүздү.
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы бул  маалыматты тастыктап, унаадагы жүргүнчү кыз жаракат алып ооруканага жеткирилгенин билдирди. Азыр моделди ордуна келтирүу маселелери каралып, тергөө башталганы белгилүү болду.
Учурунда Фрунзенин символу болгон «Атомдун планетардык модели» кийинчерээк алынып салынган. Бирок Юридикалык Академиянын ректору Канат Керезбековдун демилгеси менен демөөрчүлөрдүн колдоосунда кайра калыбына келтирилген.

 

Количество просмотров: 61