• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акаев: 20 депутаттын Жогорку Кеңештин төрагасын шайлаганы легитимсиз

9 Тогуздун айы 2020 12:46 Бишкек Govori.TV

20 депутаттын Жогорку Кеңештин төрагасын шайлаганы легитимсиз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 9-октябрда билдирди.

«Мыктыбек Абдылдаевичке биз дагы каршы эмеспиз. Спикер болгонго татыктуу инсан. Бирок көпчүлүк депутаттарды чогултуп, 60тан ашуун депутаттын добушун алгандан кийин спикер болушу керек. Болбосо, кечээ 20га жетпеген эл өкүлдөрү чогулуп, премьер-министр менен спикерди шайлап алганы мыйзамсыз», — деди Жанар Акаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында «Республика», «Ата Мекен», «Бир бол» жана «Реформа» партиялары Кыргызстанда түзүлгөн акыркы оор саясий кырдаалды жөнгө салуу боюнча бирдиктүү меморандум кабыл алышты. Алар өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштоодо.

Количество просмотров: 282