• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акаев: Абылгазиевге «Билайндын» олигархтары келип, кабинетине киргенин тастыктап берем

16 Кулжа 2020 15:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Жанар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевден жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиев суракка келдиби деген суроо узатты.

Ал эми Опумбаев учурда жыштык сатуудагы коррупция боюнча Аскер прокуратурасы менен УКМКнын ведомстволор аралык тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, депутат Жанар Акаев Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Алтынбек Исмаиловго жыштык сатуудагы коррупцияны жоюшу керектигин айтты.

«Өкмөткө Алтынбек Исмаилов сыяктуу жаш, тың кадрларды көбүрөөк алып келсеңиздер жакшы болмок. Жыштык сатуу боюнча өзүнчө схема тузүп алгандар дагы бар. Сиз бул маселени УКМК сыяктуу күч органдары менен биргеликте жоюшуңуз керек. Бюджетке кантип кайра 10 миллиондогон долларды түшүрсө болорун мен сиздин өзүңүзгө дагы айтып берем. Кыргызстан аркылуу Тажикстан, Афганистанга чейин интернет сатышат. Кадимки Максим Бакиевдин схемасы азыр деле иштеп жатат. Андан түшкөн акчалардын баары Бакиевдерге кетип жатат, өкмөт буга көңүл бурбай жатат. Өткөндө премьер-министрге Казакстандан «Билайндын» олигархтары келип, кабинетине кирген десем, өкмөт калп айтып жооп берди, келген эмес деп. Мен муну кайсы жерде болбосун тастыктап берем»,-деди депутат.

Количество просмотров: 5297