• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акаев элден кечирим сурады

8 Баш оона 2021 19:24 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Аскар Акаев 8-августта кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени боюнча келишимге барганына кечирим сурады. 

«Кумтөр боюнча башкы келишимге кол коюлгандан бери кыргыз тарап көптөгөн кызыкчылыктарга, анын ичинде канадалык тараптын кызыкчылыгындагы мыйзам бузууларга, улуттук кызыкчылыктар зыянга учурады. Бул фактылардын бири «Камеко» корпорациясынын кыргыз өкмөтү тарабынан салыктардан мыйзамсыз бошотулушу. Анын ичинде 1992-жылкы башкы келишимге кол койгондо жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн Кумтөр долбоорун башкарууну канадалык тарапка өткөрүп бергени. Натыйжада кыргыз тарап дивиденддерден тышкары республиканын бюджетине ири салыктык кирешелерсиз калды. Мамлекет башчысы катары бул менин катам. Анткени мен Кумтөр долбоору боюнча чечим кабыл алып, өкмөткө толук ишенип, башкы келишимге кол коюуда өлкөнүн кызыкчылыгы толугу менен эске алынганына ишенгем. «Камеко» корпорациясынын Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо сунушу изилденгенде мен президент катары өкмөткө акциялар адилеттүү бөлүштүрүлгөн учурда гана «Центерра» компаниясына кирүү милдетин койгом. Менин жеке эсептөөлөрүм боюнча, биз «Центеррадагы» 40 пайыздан кем эмес акцияга ээ болушубуз керек эле. Бирок канадалык тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өкмөт келишимге кол коюп, Кыргыз Республикасы 33,33 пайыздык үлүш менен «Центеррага» кирген. Кийинчерээк мага Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шарттарда варианттары бар экендиги туурасында өкмөттүн колунда дагы эле документтер бар экени белгилүү болгон. Мамлекет башчысы катары мен Кумтөрдү реструктуризациялоого макулдугумду бербешим керек болчу. Бирок ошол учурда өкмөт бул зарыл экенин белгилеп, мени ынандырды. Урматтуу мекендештер, каталарым үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Мен тергөө менен толук кызматташууну улантам. Бирок мен Кыргыз Республикасынын жараны катары жана мурунку президент катары каталарым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем жана дагы бир жолу чын дилимден кечирим сурайм»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-жылдан 2005-жылга чейин башкарган. 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылган. Үй-бүлөсү менен Кыргызстандан кетип, Орусияда жашап жүргөн. 2-августта ал Бишкекке келген.

Количество просмотров: 351