• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акаев:»Күч колдонбосо, кечинде өзүбүз кан төгүп, бийликке шылтап коёбуз дешкен»

24 Жалган куран 2019 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.03.2019. Govori.TV

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта «Ала-Тоо» аянтына жалаң кылмышкерлер чогулган деп эсептейт. Ал мындай пикирин ББС радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Акаевдин айтымында, ошол кездеги оппозиция криминалдарды колдонуп бийликти кулаткан.

— Ошол күнү эртең менен бөлмөмдөн карасам, чогулган 15 миңдей кишинин ичинен 10 миңден ашууну негизинен криминалдар экен, көпчүлүгү спирттик ичимдик ичип алыптыр. Ошондо көп эле жардамчыларым мага келип, «Аскар Акаевич, көрүп турасыз, 10 миңден ашык криминал экен. Криминалга каршы күч колдонбосо болбойт» деп айтышты. Көп өтпөй эле «Акаев күч колдонбосо, кечинде өзүбүз кан төгүп, бийликке шылтап коёбуз» деген сөздөрдү уктук. Мындай сценарий кийин Киевде, башка мамлекеттерде да колдонулду.

Акаев кан төгүүнү болтурбоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин жана ал жеке өзүнүн чечими болгонун айтып берген. Ошондой эле Аксы окуясына токтолуп, «ок атууну өздөрү уюштурган» деп оппозицияга шылтады. Ал окуялардагы жоопкер катары ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиевди айыптады.

Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 14 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган.

Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 

Булак: «Азаттык»

Теги:
Количество просмотров: 9