• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

“Акнет” ишканасынын директору кармалды

29 Бугу 20199:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

«Акнет» ЖЧКнын президенти А.К., «Строй сеть» ЖЧКнын башкы директору Б.Е. жана «Строй сеть» ЖЧКнын бухгалтери Л.И. кармалышты. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын жана 2018-жылдын үч айы үчүн «Акнет» ЖЧКсы менен «Строй сеть» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, «Акнет» ЖЧКсынан 14 176 173 сомдук акча каражатын мыйзамсыз эсептен чыгаргандыгы аныкталган. Андан тышкары, ишкананын кызматкерлери чыгашаларды негизсиз көбөйтүп, салыкка жалпы суммасы 150 млн. сом карызы бар экендиги такталып, аталган компания менен иштешкен 11 фирма жасалма экени белгилүү болгон.

Натыйжада, КР Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана 3-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, жогоруда аты аталгандар кармалып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.


Теги:
Количество просмотров: 35