• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШ «саясий негизде» камакка алынгандардын арасына Сатыбалдиев менен Исаковду кошту

14 Жалган куран 2019 17:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV

АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 13-мартта жарыялаган отчетунда Кыргызстанда «саясий негизде» камакка алынгандар тууралуу да маалымат айтылган.

Анда укук коргоочулар камактагы мурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду саясий негизде камакта жатат деп эсептешери белгиленет. Ошондой эле мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевди камакка алуунун айрым саясий өңүтү бар деп санашаары жазылган.

Кыргызстандагы «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» маалыматына караганда, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30га чукул. Өткөн жумаларда аталган комитет бул тизмеге киргизген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров учурда түрмөдө. Алардын иши күчүнө быйыл январда күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык апрелде кайра карала турганы кабарланган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 1977-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баяндамасын чыгарып турат.

Булак: “Азаттык”

Теги:
Количество просмотров: 8