• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШда кармалган Самудинов менен Молдокадыровадан кабар жок

16 Бирдин айы 2018 10:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.02.2018.Govori.TV
АКШдан баш башпанек сурап, чегарасын мыйзамсыз кесип өтүп кармалган жубайлар Ренат Самудинов менен Эльнура Молдокадыровадан кабар жок.
Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын АКШда кармалып турганы тууралуу гана маалыматы бар. АКШ мыйзамдарына ылайык башпанек сурап кайрылган жарандар тууралуу маалымат өлкөсүнө берилбейт.
Ренат Самудинов менен Эльнура Молдокадырова мессенжерлерден жазган каттарга жооп берише элек.
Эске салсак, Ренат Самудинов менен жубайы Элнура Молдокадырованын АКШнын чек арасында кармалгандыгы тууралуу 8-ноябрда белгилүү болгон. ЖМКларда алардын камактагы шарттарга нааразы эместиги гана маалымдалган. Ал эми 2017-жылдын декабрь айынын башында алифорния штатынын Аделанта шаарындагы атайын кармоочу жайга которулушкан.

АКШ жарандыгын кантип алса болот?

Жашыл карта аркылуу

  • 18 жаштан жогору болуу
  • Жашыл картаны 5 жылдан кем эмес колдонуу жана 5 жылдан кем эмес АКШда жашоо
  • Арыз жазганга чейин 3 ай АКШ аймагында жашоо
  • Англис тилинде эркин окуп, жазуу. Сынак тапшыруу үчүн АКШнын тарыхын билүү
  • Арыз жазганда АКШда болуу 
  • АКШнын жараны менен баш кошуу аркылуу
    • 18 жаштан жогору болуу
    • Түгөйүңүз 3 жылдан кем болбогон АКШнын жараны болушу керек
    • Жашыл картаны 5 жылдан кем эмес колдонуу жана 5 жылдан кем эмес АКШда жашоо
    • Арыз жазганга чейин АКШ жараны менен 3 жыл расмий никеде болуу
    • Арыз жазганга чейин 3 ай АКШ аймагында жашоо
    • Англис тилинде эркин окуп, жазуу. Сынак тапшыруу үчүн АКШнын тарыхын билүү
    • Арыз жазганда АКШда болуу
 Аскерде кызмат өтөө аркылуу
  • 18 жаштан жогору болуу
  • Өз ыктыярыңыз менен АКШнын куралдуу күчтөрүндө эң аз 1 жыл кызмат өтөө
  • Арыз жазганга чейин 3 ай АКШ аймагында жашоо
  • 5 жыл АКШда жашоо керек
  • Англис тилинде эркин окуп, жазуу. Сынак тапшыруу үчүн АКШнын тарыхын билүү
  • Арыз жазганда АКШда болууАта-эне аркылуу

    Эгерде бала АКШда төрөлбөсө, ага төмөнкү шарттар менен жарандык берилет

    • Ата-эне расмий никеде, экөө тең АКШнын жарандары болсо
    • Ата-эне расмий никеде, анын бирөөсү АКШ жараны жана 5 жыл туруктуу АКШда жашаса
    • Баланын ата-энеси расмий никеде эмес, бирок анын апасы АКШ жараны жана ал 1 жыл туруктуу АКШда жашаса
    • Баланын ата-энеси расмий никеде эмес, бирок анын атасы АКШ жараны болсо жана ал 5 жыл туруктуу АКШда жашаса

    АКШнын жарандыгын алуу үчүн кененирээк маалыматты АКШнын элчилигине кайрылып алсаңыз болот. Ал жактан толук шарттарын, кандай документтер жана канча акча төлөөнөрү туралуу биле аласыз.

Количество просмотров: 29