• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Аксы: Төрт мугалимди сүзүп кеткен милиционер менен мектеп директору да жоопко тартылсын

26 Бирдин айы 2018 19:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.02.18.Govori.TV

Аксыдагы төрт мугалимди сүзүп кеткен милиция кызматкери жоопко тартылып, бизге акыйкат чечим чыгарып бергиле деген максатта бүгүн 26-февралда  Аксы районунун Кербен шаарындагы мэриянын алдына каза болгон мугалимдердин жакындары нааразылык акциясына чыгышкан. Бул туурасында Govori.TV сайтына каза болгон мугалим Сармырзаева Гүлазымдын  агасы Жоомарт Ашырбеков билдирди.

“Бүгүн Кербендеги акимияттын алдына, милициянын алдына каза болгон мугалимдердин жакындары митингге чыкканбыз. Биз унаанын ичиндеги эки адамдын тең жоопко тартылышын, мындан сырткары мектеп директорун да жоопко тартылышын талап кылабыз. Эмне үчүн алар мугалимдерди алып баргандан кийин алардын коопсуздун камсыз кылбайт” –дейт Жоомарт Ашырбеков.

Мындан сырткары ал унааны айдап бараткан милиция кызматкери Бишкектеги белгилүү бир адамдын тууган экенин ошондуктан Аксы окясын бир дагы  сыналгылар чагылдырбай жатканын кошумчалады.

Нааразылык акциясына чыккандар менен Аксынын  акими, милициянын жетекчилиги жолугуп, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат деген маалымат берген.

Covori.TV сайты бул иш боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына байланышканда:

“Мугалимдерди коюп кеткен милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, ал эки айга камакка алынгандыгын билдирип учурда тергөө иши жүрүп жатканын”  билдирди.

Белгилей кетсек, 10-февралда Аксы районунун Кербен шаарынан  Аксы РИИБнүн кенже курамдагы кызматкери, өзүнүн “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кербен шаарынын Мамай участкасынын тургундары, №52 “Мамай” атындагы орто мектебинин мугалимдери жолдун четинде бара жаткан жеринен койдуруп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки мугалим каза болуп, эки мугалим оор абалда ооруканага жаткырылган.

 

 

 

 

Количество просмотров: 30