• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Актриса Анастасия Заворотнюк жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды

16 Аяк оона 20199:54 Бишкек Govori.TV

«Служебный роман», «Моя прекрасная няня» сериалдарында роль жараткан белгилүү актриса Анастасия Заворотнюк жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, актриса өз алдынча дем ала албай, аппаратка туташтырылган. Ден-соолугу начарлап, Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган актриса акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап жатканы тууралуу айтылган.

1971-жылы туулган Анастасия Заворотнюктун эки кыз, бир уулу бар.


Количество просмотров: 568