• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ала салган аскер унаасында кыл кыякчы Залина Касымова менен ырчы НурЧолпон дагы болгон

30 Жалган куран 2021 12:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунда оодарылган аскер унаасынын ичинде кыл кыякчы Залина Касымова менен ырчы НурЧолпон дагы болгону белгилүү болду.

Касымованы акыреги сынып, учурда ооруканада. Ал эми ырчы НурЧолпондун кырсыкта мээси чайкалып, маңдайы жарылган.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта, түштүк регионундагы аскер бөлүктөрүнө концерт койгону бараткан чыгармачыл топ Жайыл районунун аймагында кырсыкка кабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 29-мартта саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында «КамАЗ-Вахтовка» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, авто жолдон чыгып оодарылып кеткенин, жол кырсыктын кесепетинен А.Н. аттуу аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышканын кабарлаган.

Кырсыктан набыт болгон аял Сокулук маданият үйүнүн директору, Генералдык штабдын аскердик оркестрлеринин биринде иштеген Нурзат Ажыгожоева экени белгилүү болду. Жакындарынын айтымында, ал Кыргыз улуттук консерваториясын бүткөн. Артында үч баласы калды.

Количество просмотров: 1148