• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ала-Тоо аянтынан үч тонна таштанды чыгарылды

1 Үчтүн айы 2020 13:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык майрамдан кийин үч тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, аянтты тазалоо иштерине 60 кызматкер жана беш атайын техника тартылды. Таштанды үчүн борбордук аянтка 30 контейнер коюлган.

«Тазалык» ишканасынын пресс-катчысы Жибек Каракееванын айтымында, быйыл аянттан азыраак таштанды чыгарылган.

2017 жылы — 6,5 т.
2018 жылы — 10 т.
2019 жылы — 4 т.
2020 жылы — 3 т.

Теги:
Количество просмотров: 180