Алай районунун айылдарынын биринде депутаттар деген ысым коюлган көчө бар. Бул тууралуу билдирген соцтармактын колдонуучусу Умай Арыкова өздүк баракчасына сүрөттөрдү жарыялады.
Ал эми айыл башчынын маалыматы боюнча көчөнүн мындай ысымы Жогорку Кеңештин депутаттарынын урматына коюлган эмес. Анын айтымында бул көчөнүн буга чейин аты жок болчу. Ал эми көчөнүн тургундары депутттар деген ысымды, бул көчөдө жергиликтүү кеңештин көпчүлүк депуттары жашагандан улам беришкен.