Кыргыз өкмөтү 50 памирлик кыргызды үй-бүлөсү менен Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүп келди. Бул тууралуу Ош облустук социалдык башкармалыгынын башчысы Абдубали Балтабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, көчүп келгендер 23-декабрда, жаңы конушуна жайгаштырылып, мындан ары ушул айылда туруктуу жашашат.
«Алай районунун акимчилиги буга чейин көмүр, тамак-аш жеткирип даярдап турган. Бүгүн Чоң-Алай районунун акими да жардам иретинде бир айга жете турган азык-түлүк алып келди. Күн жылыгандан кийин мамлекет көчүрүлүп келген 10 үй-бүлөгө турак жай салып берет. Бул үчүн жер тилкеси такталып, үй курууга тендер өткөн. Каражат да бөлүнгөн, баары даяр, жаз келери менен курулуш иштери башталат», — деди Балтабаев.