• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

29 Жалган куран 2021 15:49 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук ИИБдин маалыматы боюнча, буга чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө У.Д. аттуу жергиликтүу жашоочу арыз менен кайрылып, 2018-жылы бир нече адамдар ага Пригородное айылынан жер тилкесин алып беребиз дешип, 490 миң сомун алып ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүруш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 50 жаштагы И.У. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин бир нече жолуп соттолуп, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы такталган. Шектүү жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 71