• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алканова: Айткандын оозу, көргөндүн көзү жаман болду

14 Бирдин айы 2018 15:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.02.2018.Govori.TV
Fergana.ru журналисти Элнура Алканова «Идеал-Хаус» шаарчасынын сатылышы боюнча жасаган иликтөөсү ага карата козголгон кылмыш ишин ойдон чыгарылган, буйрук менен аткарылып жаткан иш деп атады.
Алкановага Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы үч берене менен күнөө коюп жатат.
  1. Коммерциялык же банктык сыр болгон маалыматты мыйзамсыз алуу
  2. Коммерциялык же банктык сыр болгон маалыматты жана салык төлөөчүнүн жашыруун маалыматтарын ачыкка чыгаруу
  3. Кылмышка катышуу
«Мени кылмыштын уюштуруучусу деп эсептешет, ал эми «БТА-Банктын кызматкерин кылмыштын катышуучусу деп. Бирок, мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм жана премьер-министрден кечирим сурабайм»,-дейт иликтөөчү журналист Элнура Алканова.

Эске салсак, Эльнура Алканова мурда Максим Бакиевге тийешелүү болуп, 2010-жылы улутташтырылган Бишкектин түштүгүндөгү 12 гектар курулуп бүтө элек шаарчанын сатылуу жагдайын изилдеп, шаарчаны чыныгы сатып алган адам БТА банктын башкы директору болушу мүмкүндүгүн, ал эми премьер-министр Сапар Исаковдун агасы шаарча сатылып жатканда БТА банкка кеңешчи болуп киргенин айтып чыккан.
7-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Алканованын иликтөөсү жалган экенин айтып, прокуратурага текшерип чыгуу үчүн кайрылганын айткан.
Количество просмотров: 38