• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду

25 Бештин айы 2018 12:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматовго карата кылмыш иши токтотулду.  УКМКнын тергөөчүлөрүнүн токтому депутатка берилген.

Бишкек шаардык соту эл өкүлүнө карата ишти биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, кайра иликтеп чыгууга берди. 2017-жылдын 17 февралында Эсеп палатасынын мурунку аудити Алмамбет Шыкмаматовго карата кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал тендердик билдирүүгө аялынын унаасын кошуп койгон. Анда унааны 13,5 миң долларга «Барат люкс» компаниясы сатып алган. Башкы прокуратуранын эсебинде,унаанын чыныгы баасы 10 миң доллардын тегереги гана болгон. Биринчи инстанциядагы сот Алмамбет Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, аны 5 миллионсомго айыпка жыккан.

Теги:
Количество просмотров: 6