Бишкек. 06.04.2019. Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДПнын 18-съездинин ийгиликтүү өткөнүн курултайдан кийинки маалымат жыйынында билдирди.
Атамбаевдин билдирүүсүндө аймактардан шайланган 180 делегаттын 170и бүгүнкү жыйынга катышкан.
“Жалган социал-демократтардын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор, тийиштүү кландар турат. Алардын максаты – Атамбаевди каматуу. Мен кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мен кудай алдында, эл алдында акмын. Коррупция менен күрөшпөй эле, саткандар сатпагандар менен күрөшүп жатат. Бир акыныбыз: “Саткандардын арасында болбой, атылгандардын арасында бол”, – деп айткан экен. Биз саткандардын арасында болбойбуз, андан көрө атсын бизди”, – деди Атамбаев.