• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Алмазбек Токторов: “Масалиевдин сунушунда жөн бар”…

10 Чын куран 2019 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.04.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү сунушталды. Бул боюнча бүгүнкү жыйында депутат Исхак Масалиев билдирди.

“Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалицияга төрт фракция кирген деп айтылат, бирок “Республика Ата-Журт” фракциясы өткөн жылы коштурулган болчу. Муну мыйзамга туура келбеген кадам деп эсептеш керек. Мыйзам талабына ылайык, коалиция түзүлөт, эч кандай кемитүү же кошуу деген түшүнүк жок. Коалиция бир жолу түзүлөт, курамы өзгөргөндө жаңыдан түзүлөт. Экинчиден, коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учур жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет. Кеп эң чоң фракция КСДП тууралуу болуп жатат. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ага КСДПдан тышкары бардык фракциялар кошулушу керек”,- деди Масалиев.

Буга Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Токторов “Масалиевдин айткандарында жөн бар. Логикасы дагы туура”-деди Токторов.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу ниети жок экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтты.

“Партиянын бир бөлүкчөсү оппозиция боло турган болсо, буга мыйзам жол берет. Фракция чечтик, коалицияда калабыз, коалициялык көпчүлүктө болобуз, иштейбиз”,- деди Өмүркулов.

Теги:
Количество просмотров: 11