• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Алты жаштагы кызды өрттөөгө шектелген өспүрүм психиатриалык ооруканага жаткырылды

4 Теке 2019 14:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Тажикстанда алты жаштагы кызды өрттөөгө шектеген 13 жаштагы Сунатулло Очилдиев Психикалык ооруларды дарылоочу республикалык борборго жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өспүрүмдүн кем акылдыгы аныкталып, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

«Алты жаштагы Осия Зулфонованы өрттөөдө Сунатулло негизги ролду ойноп, алгач кызды иттер менен коркуткан», — деп билдирди ИИМ өкүлү

19-июнда Душанбенин Сино районунда үч өспүрүм алты жаштагы Осияны зым тосмого аркан менен таңып, өрттөн жиберишкен. Кыздын денесинин 65 пайызы күйүп, ооруканага жеткирилген.

Бул окуя социалдык түйүн колдонуучуларынын кыжырдануусун жараткан. Алардын айрымдары күнөөлүүлөрдүн катаал жазаланышын талап кылышкан. Кызды өрттөөгө Душанбенин Рудаки районунда жашаган 9-13 жаштагы үч өспүрүм айыпталууда. Бул иш борбор калаанын Сино райондук прокуратурасы тарабынан иликтенүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 7