• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алтын күмүш өзүбүздө туруп зергерчилик тармагы кантип банкрот болду?

1 Жалган куран 2018 16:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 1. 03. 2018. Govori.TV

Кыргызстанда жыл сайын тонналаган алтын, күмүш өндүрүлгөнү менен зергерчилик тармак каатчылыкка учурап жатат. Алсак былтыркы жылы бул тармактан мамлекеттин бюджетине 57 млн. 407 миң сом түшкөн. Ал эми адистердин пикиринде кыргыз зергерлеринин 150 млн. сомго чейин каражат түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Кыргызстандын зергерлер жана ишкерлер бирлигинен кабарлашты.

Алар билдиргендей, өткөн жылы атамекендик зергер компаниялар 131 кг. зер буюмдарын чыгарса, анын ичинен 175 кг. алтын сырттан сатылып келинген.

“Кыргызстанда өндүрүлүп чыккан алтынды жергиликтүү зергерчилер сатып алалы дешсе өзүбүздүн алтындын баасы сырттан келген алтындан 5% кымбатка түшүөт. Бул чоң сумма. Ошондуктан, алар сырттан алтын алууга аргасыз. Мунун менен катар эле зергерлерге болгон салык да кыйла оор. Мисалы, Түркиянын зергерчилерине караганда кыргызстандык усталар 7 %га кымбат салык төгүшөт. Мына ошол кыйынчылыктардан улам, биздин зергерлер жылына 1,5 тонна зергерчиликке керектүү баалуу металды өндүрүүгө суроо-талапты кабыл алганы менен болгону 200-300 килограмм зер буюмдарын өндүрүп жатышат”,-деп билдирет аталган бирликтин президенти Сталбек Акматов.

Эске сала кетсек, учурда ишкерлер өкмөттөн бул тармакты көтөрүүгө мамлекеттен колдоо керектигин талап кылышууда.

Количество просмотров: 25