• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Алтынчы кабаттан секирген кыз палатага которулду

25 Бирдин айы 201912:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

Бишкек шаарындагы Туңгуч районунун алтынчы кабатынан секирген кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн катардагы палатага которулду. Жаракат алган кыз бүгүн, 25-февралда дагы бир жолу текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Маралга Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 20-февралда Бишкектин Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан өспүрүм кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып боюн таштаган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп, аман алып калышкан. Кыз куткаруучулардын жана ылдый жактагы адамдардын суранычына карабастан секирген.

Теги:
Количество просмотров: 23