2020-жылы көп орунду автобустарды алып келүү пландалууда. Бул тууралуу кечээ, 13-январда мэриянын жыйынында вице-мер Азиз Алымкулов билдирди.
«Биз Бишкек шаарына лизинг менен (ижара) 500дөн ашык автобус алып келүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле электрондук билет системасын толук түрдө киргизүү пландалды. Ал эми бүгүнкү күндө бардык автобус менен троллейбустарда валидаторлор орнотулган», — деди ал.
Булак: АКИпресс