• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Америка Бишкектеги 150 ооган студентинин окуу акысын төлөөгө даяр

19 Баш оона 2021 10:35 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 18-августта АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири спектрин талкуулашты.

Министр Казакбаев казак тарап менен биргеликте Афганистандан 15 кыргыз жаранын коопсуз түрдө эвакуациялагандыгы үчүн америка тарапка ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын үчүнчү өлкөгө чыгарып кеткендиги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилди.

Ошондой эле ал Сирия менен Ирактан КР жарандары болгон балдарды жана аялдарды биргелешип эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн издөө маанилүү экендиги белгиледи.

Мындан тышкары, Р.Казакбаев КР президенти Садыр Жапаровдун Афганистандын көп улуттуу элине зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасы тууралуу маалымат берди.

Ушуга байланыштуу афганистандык студенттерге Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 500гө чейин виза берүү, ошондой эле абал турукташып, аба кемелеринин коопсуздугуна байланыштуу керектүү азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүү жөнүндө жарыяланды.

Америкалык тарап кыргыз тараптын Афганистандын жарандарына студенттик виза берүү чечимин оң баалады жана АКШнын ушул этапта Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинде 150гө чейин афган студенттерин каржылоого даярдыгын жарыялады.

Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун башка артыкчылыктуу багыттары өзүнчө талкууланды.

Количество просмотров: 98