Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV
АКШнын Техас штатынын тургуну тогуз мүнөттө алты эмди жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу The Woman’s Hospital of Texas клиникасынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Эки кыз жана төрт уул 15-мартта жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:59да төрөлгөн. Ымыркайлардын салмагы 800 граммдан 1,3 кг чейин. Алардын энеси Тельма Чиаканын абалы жакшы.
Чиака кыздарына Зина жана Зуриэль деген ысымдарды берүүнү чечти, а уулдарына болсо азырынча ат таба элек.
Техас төрөт үйүнүн кызматкерлери алты эмдин жарык дүйнөгө келиши өтө сейрек болорун эске салды: 4,7 млрд төрөткө бир учур.
Февралда Иракта аял жети эм төрөгөн. Жыйырма беш жаштагы эненин буга чейин үч баласы болгон. Жети эмдин алтоосы кыз, бирөөсү уул эле. Бир нече күндөн кийин ымыркайлардын баары ооруканада чарчап калган.
Булак: “Калыс Медиа”