Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.
Эстрада ырчысы Анжеликанын ийне сайылган сүрөтү, такалуу бут кийим (туфли) жана башка майда буюмдар мүрзөлөрдүн арасына көмүлгөн жерден табылганы тууралуу видеотасма тарады. Видеодогу жигиттин айтымында, бул 13-февралда табылган.
Ал эми учурда Европа өлкөлөрүндө жүргөн ырчы социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу бул окуя Бишкек шаарынын Байтик айылында болгонун жазды.