• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Апрель революциясынын баатырлары Сооронбай Жээнбеков менен анын инисине нааразы

12 Жалган куран 2019 15:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV

Апрель элдик революциясыннын баатырлары Сооронбай Жээнбеков менен анын инисине нааразы болушууда. Бул тууралуу «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн кайрылуусунда жазылган.

Алар «Эмнеге бийлик «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин тартып алгысы келет? Качкын А. Акаев жана К. Бакиев эмнеге жаңы бийликке жагалданууда? Же апрелчилерди тынчытуу менен Акаев жана Бакиевдер өз максатына жетеби?», -деп суроо салышкан.

«2010-жылдагы Апрель элдик революциясында жаракат алган жарандардын башын бириктирген «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ошол убакыттан тартып Апрель элдик революциясынын даңазалап жана анын максаттарын ишке ашыруу максатында бир топ ишчараларды өткөзүп келебиз.
Коомчулукка маалым болгондой 2018-жылы 17-мартында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы Мээрбек Мискенбаев, Апрель элдик революциясынын башкы себеби К урманбек Бакиевдин үй бүлөөлүк-кландык башкаруу болгондугун бийликке эскертип, президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын өткөрүп берүүнү талап кылган», -деп жазылат кайрылууда.

Маалыматка караганда, ошол убакыттан тартып бүгүнкү күнгө чейин бийлик тарабынан ар кайсы себептер менен «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө кысым көргөзүлүп келет.

«Акыркы убакыттарда биздин коомдук бирикмени тартып алуу боюнча рейдерлик чабуул жасалганын билдиребиз. Белгилей кетсек, мындан бир аз убакыт мурда коомдук бирикмебиздин мүчөсү болуп эсептелбеген кандайдыр бир адамдардын тобу катышкан мыйзамсыз чогулуш болуп өткөн. Ал чогулушка бийлик кызыктар болгондуктан райондук администрация тарабынан дагы басым көрсөтүлгөн.

Мыйзамсыз жыйында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчилерин алмаштыруу чечими кабыл алынып, коомдук бирикменин төрагалыгына Жылдызбек Исаков дайындалган.«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин башкармалыгы жана анын көпчүлүк мүчөлөрү өткөн чогулушту олуттуу нерсе катары кабыл алган эмеспиз, анткени анда кворум жетишсиз болгон жана коомдук бирикмесине катталбаган жана белгисиз адамдар катышышкан», -деп билдиришти коомдук бииркменин мүчөлөрү.

«Мыйзамсыз өткөрүлгөн жыйындын чечиминин негизинде Юстиция министрлиги Исаков Жылдызбекти «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагалыгына мыйзамсыз каттап койгон. Юстиция министрлигинин тымызын иш-аракеттери мыйзамсыз, ошондой эле мамлекеттик органдын коомдук бирикменин ички иштерине аралашуусуна жол бербейбиз. Өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду коомчулукта активдүү колдоп келгенбиз. Акыркы учурда аны президенттик кызматка жеткирүүгө жан үрөгөн, ага ишенген адамдардын күтүлбөгөн жерден анын кас душманына айланганын көрүп турабыз. Алтургай, ага каршы добуш бергиле деп элди тынымсыз үгүттөп жүргөндөр бүгүн анын ишенимдүү адамдардын катарына кирип калышканы баарыбызга белгилүү», -деп айтылат маалыматта.

«Акыркы бир жыл ичинде ага —ини Жээнбековдордун жаңы бийлигинин тегерегине эл коррупционер, ууру деп атаган адамдар гана чогулуп жатканын кооптонуу менен байкап жатабыз. Жаңы бийликти Акаев менен Бакиевдердин жакындары да колдоого алып, айга күнгө теңеп мактап жатышканы бекеринен эместир… Алардын үн кошуп, жагалданып жатышканы азыркы бийликтин, мамлекеттик аппараттын өзүлөрүнө окшошуп жаткандыгынан улам гана эмес, алар кайра кайтып келип, элибизди тоногонун улантууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөшүүдө.

Учурдагы жаңы бийлик бир жарым жыл ичинде Алмазбек Атамбаевди жана Апрель элдик революцисында жаракат алган карапайым калкты куугунтукка алгандан башка өлкө үчүн, кылган олуттуу иштери да байкалган жок.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмени рейдерлик жол менен тартып алуу аракети да мына ушундай куугунтуктоонун бири болуп жатканын айтууга аргасыз болуудабыз. Массалык маалыматтарга таянсак ошондой эле көрүнүш башка коомдук-саясий партияларды дагы ар кандай жол менен басып алуулар болуп жатканы баарыбызга маалым», -деп жазылган билдирүүдө.

Количество просмотров: 32