• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Апта: Коомчулукту козгогон окуялар

18 Үчтүн айы 2019 20:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.01.2019.Govori.TV.

Бир апта ичинде коомчулукта талкууга тушкөн кандай окуялар болду. Говори ТВ агенттигинен апта жыйынтыгы.

Президент элчилерди алмаштырды
Алгач президент элчиреди алмаштырды. Атамбаевдин пресс-катчысы, журналист Кадыр Токтогулов АКШда элчи болуп сынга кабылган эле. өзүнүн шефинин артынан ал дагы эми кетти. Анын ордуна экс-президент Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев Америкага жөнөдү.
Анын менен бирге Аликбек Жекшенкулов Орусияга элчи болсо , КытайгаКанайым Бактыгулова,Түштүк Кореяга Динара Кемелова элчи болуп дайындалышты.

“Түкүрук” арзандады
Жыл жаңыргандан тарта коомдо чуу жараткан түкүрук маселеси бул аптада жогорку чегине жетти өңдөнөт. Дегеним, бул маселе өкмөттө каралып, көчөдө түкүргөн адамдарга салына турган айыппулдун көлөмү 1000 сом болуп азайды.

Орус тилинин баркы
Буга катар эле Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча “экстердин” конференциясы өтүп, анда курултайчылар орус тилинин официалдуу тил макамын алып салууну сунуш кылып, коомдо талкууга жем таштады.
Сунуш кылаарын кылып коюшуп, коомдо чуу жаралган соң курултайчылар сунуштун башында ким турганын айта албай, анын аягы жымсалданып кала берди.


Дача-СУдагы кырсыкты эскердик
Дача-СУдагы авиакырсыктын болгонуна 2 жыл болду. Президент Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгында жакындарынан ажыраган балдар менен өзүнүн кабинетине чакырып жолукса, каза болгондорду эскерүү аземинде, вице премьер-министр Кубатбек Боронов Дача-Сулуктарды жарым саат күттүрдү. Ал эми парламент бул тууралуу түштөн кийин гана эстеген.

Футболка депутатка жаккан жок
Жогорку Кеңештин жыйынына жетекчисинин ордуна отчет берүугө келген кызматкердин футболкачан келдиңиз деп жыйындан чыгарылуусу тез эле коомдо талкууга тушүп, айрым социалдык тармактын колдонуучулары депутаттар куулган кызматкерден кечирим суроосу керек деген пикирлерди айтышкан.

Митингдердин сезону ачылды
Кыргызстанда митингдердин сезону ачылды өңдөнөт. 17-январда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну көздөп Ала-Тоо аянтына чыккандардын айрымдарын милиция алып кеткен.
Арасында «Next TV» телеканалынын журналисти да болгон. Ал митингди түз көрсөтүп жаткан. Буга байланыштуу бүгүн Бишкекте “Мен милициянын зөөкүрлүгүнө каршымын” деп журналисттер митингге чыгышкан.

Футболго үмүт чоң
Апта жыйынтыгын жагымдуу окуя болгон Кыргызстан футбол курама командасы плей-оффко чыгып, Филиппин курамасын 3:1 эсебинде жеңүү менен Азия чемпионатында 8ден 1 финалына чыкканы менен жыйынтыктайбыз.

Теги:
Количество просмотров: 8