• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Армениянын экс-президенти Роберт Кочарян күрөөгө бошотулду

19 Кулжа 2020 9:09 Бишкек Govori.TV

Арменияда «Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган жана ири суммада пара алган» деп айыпталып жаткан мурдагы президент Роберт Кочарян 4 миллион долларлык күрөө менен эркиндикке чыкты.

Экс-президенттин бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартуу тууралуу чечим боюнча адвокаттардын даттануусун бейшемби күнү өлкөнүн Апелляциялык соту канааттандырды. Башкы прокуратура бул чечим боюнча даттана турганын билдирди.

РБКнын маалыматына караганда, ушу тапта Кочарян Еревандагы медициналык борборлордун биринде дарыланууда.

Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал 2018-жылы 2008-жылдагы окуялар боюнча камакка алынган. Анда президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип акцияга чыккан адамдар кууп таратылган. Жыйынтыгында он киши өлүп, 250дөн ашыгы жаракат алган.

Количество просмотров: 81