• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Асел Кадырбекова: “Эч кимдин жашоосун бузган жокмун, эч кимди таарынткан жокмун”…

26 Жалган куран 2019 15:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV

Ырчы Асель Кадырбекова инстаграмдагы жеке баракчасында абдан көп терс маанидеги пикирлер жазылаарына таң калып элге суроо салды.

Ырчы постуна:

«Мен баракчама жазылган пикирлерге абдан таң калам. Ойлоп карасам эч кандай жаман нерсе жүктөбөйм, конфликтке алып келүүчү посторду деле жазбайм, эч кимди үй-бүлөсүнө азгырып кеткен жокмун, эч кимдин жашоосун бузган жокмун, эч кимди таарынткан жокмун, киши да өлтүргөн жокмун, эч кимге тийбейм, эч ким менен урушпайм. Өзүмдүн сүйүктүү жумушум менен алектенем. Жөн гана өзүмдүн жашоом менен жашап келем. Жумушумдун бир бөлүгү болгондуктан реклама менен алектенем. Эмнени туура эмес кылып жатам? Эмнеге менен баракчама ушунча жаман сөздөр жазылат?», -деген баяндама жазып таң калганы менен бөлүштү.

Чындыгында Асель Кадырбекованын жөн гана эч кандай мааниси жок сүрөттөрүнө да ар кандай терс маанидеги пикирлер жазылат. Жыйынтыгында ырчынын хейтерлери менен күйөрмандарынын ортосунда кайым айтышуулар жаралат.

Бирок бул жолу чындыгында ырчынын күйөрмандары постту жакшы каалоо-тилектерге бай кылышты. Ошентсе да арасында хейтерлер чыгып «сен өзүңдү аябай эле жылдыз сезип алгансыңго, койчу Асель» дегендери да болду.

Булак: Барометр

Количество просмотров: 32