• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Аскар Акаев кызы Бермет менен кыргызстандын келечеги тууралуу китеп жазды

6 Бирдин айы 201915:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV

Мурунку президент кызы экөөлөп жаңы китеп чыгарышты.

Орусиянын аттын кашкасындай таанымал болгон илим жана окуу адабияты басылмасы «URSS» 2019-жылы үчтүн айында Аскар Акаев менен Бермет Акаеванын «Кыргызстан санариптик экономика жана Жаңы Жибек жолунун доорунда» деген жаңы китебинин бейнесин ачты.

Кыргызстандын келечегине жана 2020-жылдардагы муундун лидерлеринин дарегине арналган өздөрүнүн жаңы китебинде, авторлор Кыргызстандын 2030-жылдарында боло турган нерселерди сүрөттөп жазышат жана төмөнкү актуалдуу суроолорго жооп издешет:

— Кыргызстандын 2030-жылдардагы жакшы келечеги үчүн кандай стратегия зарыл?

— Кыргызстанда өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнөн алдыга кете турган стратегияны ишке ашырууга жөндөмдү маалыматтык санариптик коомду түзүүгө болобу?

— Кыргызстан билим берүү системасында 21-кылымдын чакырыктарына жооп бере ала турган револяциялык ачылышты жасай алабы?

— Кыргызстан энергиянын булагын жаратууга негизделген, экологиялык жактан таза көмүртексиз энергетикасы бар өлкөгө айлана алабы?

— Кыргызстан интернет-индустрияга негизделген төртүнчү өнөр жай революциясынын жетишкендиктерин өздөштүрүп жана арбын кирешелүү санариптик экономиканы түзүп жана аны 21-кылымдагы Жаңы Жибек жолуна пайдалуу орното алабы?

Булак: “vesti.kg”

Теги:
Количество просмотров: 30